• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы $1 млрд ашты

Экономика 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2022-ж. тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2021-жылга салыштырмалуу 4%га көбөйүп, 1 046,1 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, мында келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 290,8 млн. АКШ долларына ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (95%дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү ишканаларына, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-ж. салыштырмалуу 8,4% көбөйдү, бул негизинен алардын Корея Республикасынан – 18,1 эсеге, Кувейттен – 15,4 эсеге, Япониядан – 11,1 эсеге, Бириккен Араб Эмираттарынан – 5,0 эсеге, Германиядан – 2,6 эсеге жана Түркиядан 1,4 эсеге өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (30,7%), Кытайга (26,3%), Нидерландга (5,9%) жана Улуу Британияга (2,8%) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-ж. салыштырмалуу 12 %га төмөндөдү, бул негизинен алардын Казакстандан 20,1% жана Россиядан 9,7%га азайышынын эсебинен болду.

2021-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымынын өсүшү Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарынын жана ошондой эле Ош шаарынын ишканаларында белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-ж. салыштырмалуу 3,2% га кыскарды жана 755,3 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги (92% жакыны) чыгып кетүү агымы пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүндөгү ишканаларда, иштетүү өндүрүшүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда, ошондой эле геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-ж. салыштырмалуу 10,6% га өстү, бул негизинен алардын Японияга – 207,7 эсеге, Бириккен Араб Эмираттарына – 10,0 эсеге жана Түркияга 3,7 эсеге өсүүнүн эсебинен болду.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (38,3%), Түркияга (35,4%), жана Канадага (11,6%) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 3,7 эсеге төмөндөдү, бул Россияга багытталган инвестициялардын 6,2 эсеге, Казакстанга багытталган инвестициялардын 1,7 эсеге азайышынын эсебинен болду.

2021-жылга салыштырмалуу Жалал-Абад облусун кошпогондо, көпчүлүк региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий