• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан үчүн ЕАЭБге кирүүнүн оң жагы көп болду – экономика илимдеринин доктору

Экономика 0

Бишкек, 13-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Келечекте Кыргызстанда өндүрүш түзүүнүн эсебинен экономиканын өсүүсү күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономикалык илимдердин доктору Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, буга республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн көп жардамы тиет.

“Долбоордун өзү 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына киргизилди. Бирок, Евразия экономикалык биримдиги буга алгылыктуу жардам берип жатканын көрүп турабыз. Мына азыр мамлекеттик-жеке ишканалар түзүлүүдө. Муну менен катар инвесторлор келип жатат, алар бүткүл биримдиктин рыногуна багыт алууну каалашат. Мисалы, Ошто кир жуучу машина чыгарган кытай заводу ачылды. Бизге КРнын аймагында өндүрүш түзүү менен техника жана жабдыктарды алып келе башташты”,-деди ал.

Мунун менен катар жакынкы аралыкта ЕАЭБге мүчө-өлкө башчылары товарларды темир жол жана унаа жолдору менен ташуунун бирдиктүү тартиби тууралуу документке кол коюшат.

“Белгилей кетүүчү жагдай, ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан көп артыкчылыктарды алды. Бул кыргызстандыктардын биримдиктин аймагында жүрүү эрежелеринин жеңилдеши. КРга мунайды салыксыз алып келүү жана ЕАЭБдин бүткүл аймагында товар жана капиталдардын эркин айлануусу”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий