• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы 3 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан сурдочемпионатында Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбандар 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңди.

Мелдештин биринчи күнү килемде 57, 65, 75, 86, 97 кг салмак категорияларында беттештер өттү. 74 кг салмак категориясында Адилет Жапаркулов алтын медалга ээ болду. Ал эми 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов күмүш медаль жана 65 кг салмак даражасында Алмаз Исаков коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий