• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

UFC уюму Валентина Шевченконун каршылашын расмий түрдө жарыялады

Спорт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) расмий түрдө кыргызстандык Валентина Шевченконун каршылашын атады.

Маалыматка ылайык, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет.

Беттеш 2020-жылдын 8-февралында Американын Хьюстон шаарында өтөт.

Ал эми мелдештин башкы беттеши UFC уюмунун жарым оор салмактагы чемпиону Жон Жонс менен Доминик Рейестин тирешүүсү болот.

Пикир

Оставить комментарий