• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

МСК: 490 миңден ашык салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелине карата 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Тапшыргандардын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларациясын кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий