• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ош шаар суу каналдын” кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстанга барып келишти

Аймак 0

Бишкек, 23.11.17. /Кабар/. 2017-жылдын 12-ноябрынан 18-ноябрына чейин “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын 12 кызматкеринен турган топ Өзбекстан мамлекетине тажырыйба алмашуу масатында барып келишти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ишкананын кызматкерлери аталган ишкананын жетекчилигине жана профсоюздук уюмуна ыраазычылык билдиришип, тажырыйба алмашуу иш-сапарлары көп уюштуруулаарын айтып өтүштү. Ошондой эле, мындан эки жыл мурун 11 кызматкер Өзбекстанда иш-сапары менен болушкандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу максаттында Ош шаарсууканал ишканасынын кызматкерлери 2011-жылдын март айында Дания, Франция, Швеция, Түркия мамлекеттеринде, 2009 жана 2012-жылдары 9 адам Россиянын бир нече ири шаарларында болуп, 2006-жылдан 2010-жылга чейин ишканадан 8 адам Японияда окуп келген.

Ошондой эле, ыңгайлуу шарттарды түзүп, кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү багытында аталган ишкананын жетекчилигинин тапшырмасы менен 2007 жылдан баштап өздөрүнүн ашканасы, мончо жана жумушчулардын кийимин жуучу жай иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий