• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта кызыл сызыктын чегинен чыккан турак үйлөр, кафе жана дүкөндөр түрттүрүлдү

Аймак 0

Ош, 19.03.20. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат шаарында кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен объектилерди түрттүрүү иштери жүрүүдө.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен объектилерди аныктоо боюнча райондук комиссия аким Д.Маматалиевдин төрагалыгы алдында түзүлгөн. Буга чейин объектилердин ээлерине өз ыктыяры менен түртүү тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн, бирок ал иштер аткарылбагандыктан, күчкө салып түрттүрүү жүргүзүлгөн.

Андан тышкары, 30га жакын турак жай жана мыйзамсыз объектилер түрттүрүү тизмесине кирип калуусу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий