• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипкызматтарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР элчиликтеринин, эл аралык уюмдардагы КР туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана КР башкы консулдуктарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда министр Р.Казакбаев өлкөнү өткөөл саясий процесстер мезгилинен чыгарууга жана кризиске каршы режимде иштөө мезгилин аяктоого министрликтин кошкон салымын белгилеп, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Министр Р.Казакбаев 2021-жылы тышкы саясий ведомство КР президенти С.Жапаров тарабынанбекитилген Кризиске каршы чаралар менен иш-аракеттердин кезектеги планын аткаруу үстүндө иш алып барууну уланткандыгын баса белгиледи.

Отчеттук мезгилде аткарылган иштер тууралуу кыскача баяндап, министр Р.Казакбаев жетишкендиктердин жалпыланган статистикасын келтирди: 1350дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, анын 90у эң жогорку, жогорку жана жумушчу деңгээлдеги визиттер жана тышкы саясий иш-чара, анын ичинде КР президенти С.Жапаровдун 12 мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапары, чет элдик делегациялардын Кыргызстанга болгон 17 визити иштелип чыгып, 90дон ашуун мамлекеттер аралык келишимдер жана документтер, анын ичинде мамлекет башчыларынын деңгээлинде өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана багыттарын аныктаган биргелешкен билдирүүлөр түзүлдү.

Венгрия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан менен өнүктүрүү фонддорун түзүү, ошондой эле Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия менен аларды түзүү тууралуу макулдашууга жетишүү – дипломатиялык кызмат органдарынын ишинин алгылыктуу жыйынтыктары болуп калды.

Министр Р.Казакбаев КР президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашырууда дипломатиялык мекемелердин салымын да белгилеп кетти.

Кеңешменин соңунда министр Р.Казакбаев 2022-жылга министрликтин ишинин негизги багыттарын белгиледи, алардын арасында негизги катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү каралды. 2021-жылдын октябрында КР президенти тарабынан кабыл алынган 2026-жылга чейин КР Улуттук өнүгүү программасына ылайык, дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгү экономикалык дипломатия маселелерин чечүүгө багытталууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий