• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган адамга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган адамга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө тогуз жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун 1973-жылы туулган У.А. аттуу тургуну кармалган.

"Шектүү суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып, иштин жагдайын көрсөткөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу
жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий