• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Эл аралык террордук уюмга байланышы бар эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.08.17. /Кабар/. Бишкекте Эл аралык террорчулукка байланышы бар деген эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2017-жылдын 17-августунда террорчулукка каршы багытталган иш чаранын натыйжасында террордук уюмга тиешеси бар делип 1966-жылы жана 1971-жылы туулган КМШнын эки жараны кармалган.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалган эки жаран тең Сириядагы террордук уюмдар менен байланышы бар делип издөөдө жүргөндөр.

УКМКдан билдиришкендей, кармалгандар 18-августта өз өлкөсүнүн күч органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий