• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-мартынан 15-мартына караган түнү Жалал-Абад шаарынын бир нече көчөлөрүнөн жалпы 15 даана болгон кудуктардын капкактарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги боюнча Жалал-Абад шаардык «Сууканал» ишканасынан арыз келип түшүп, белгисиз кылмышкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы фактылар боюнча арыз Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштын бетин тез арада ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмасы берилген.

Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары 21 жаштагы А.О. жана 20 жаштагы Г.А. кармалып, иш боюнча буюм далилдери аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмышка да катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, күн мурун Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы түнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисиндеги жолдун эки тарабында сууканал башкармалыгына таандык 7 кудуктун капкагы уурдалгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий