• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда 80 га жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кадамжайда 80 га жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүү учурунда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 га жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди.

Ошондой эле, жогорудагы факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий