• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасында жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасында жайгашкан 4,62 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. оң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда жайгашкан тилке 2013-жылдан бери мыйзамсыз пайдаланып келген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө анын базар баасы 63 млн 806 миң сомду түзөт.

Текшерүүдө маалым болгондой, аталган участок 2013-жылы Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ч.Т. аттуу жарандын наамына берилип кеткен. Андан соң, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде 18 жаранга өтүп кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арыз берилип, облустук сот толугу менен канааттандырган.

Соттун чечимдери менен жер участогун сатуу-сатып алуу боюнча бардык келишимдер жараксыз деп табылып, мурунку ээлеринин менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий