• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Айыпталуучулардын адвокаттары сотту четтетүү тууралуу айтып чыкты

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жана дагы 10 айыпталуучунун кылмыш ишин кароо улантылууда.

Учурда айыпталуучулардын жактоочулары сотту иштен четтетүү тууралуу айтып чыгышты. Сот кеңешмеге чыгып кетти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий