• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарында аялдын денесине оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Токмок шаарында аялдын денесине оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июнунда Токмок шаарынын ИИБине аймактык оорукандан телефон чалуу болуп, алкоголдук ичимдик ичкен аял дене жаракаттары менен ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кабарлашкан.

Алынган маалыматтын негизинде Токмок шаардык ИИБнин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал Н.Ж. аттуу жаран экендиги такталып, анын ден соолугуна байланыштуу сурак алууга мүмкүн болгон эмес. Аталган факты Токмок ШИИБи тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кийин комиссиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгынын негизинде буга
чейин катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2022-жылдын 25-февраль күнү жабырлануучу менен буга чейин жашап жүргөн
1986-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болгон.

Териштирүү учурунда алар ичимдик ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялдын денеси залал келтирилгени маалым болгон.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий