• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин эки округунан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 27-февралда саат 08:00дө Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо башталды.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.

Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт.

Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 110 миң 970 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде – 66 миң 582. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 240 бюллетень жасалган. Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоого 104 миң 788 бюллетень даярдалган. Кыргыз тилинде - 41 миң 916, орус тилинде - 62 миң 872, Брайл арибинде 240 бюллетень жасалган.

Ал эми Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 млн 915 миң 975 сом каражат түшкөн.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Төмөнкү талапкерлер ат салышууда:

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча:
№ 1. Нурматов Темирбек Асанович
№ 2. Нурдинов Бейшеналы
№ 3. Тотонов Нурбек Темирбекович
№ 4. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна
№ 5. Искендеров Эльман Хыдырович
№ 6. Кермалиев Таалайбек Женишович
№ 7. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович
№ 9. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич
№ 10. Савин Виктор Евгеньевич
№ 11. Ибраймакунов Данияр Омурбекович
№ 12. Акылбеков Русланбек Акылбекович
№14. Капаров Чынгыз Капарович
№ 15. Ремнев Роман Павлович
№ 16. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович
№ 17. Гапаров Адылбек Абдикаримович
№ 18. Тагайбек Султан;
№ 19. Абдыкадыр уулу Бектур
№ 20. Мусаев Тахир Насырович
№ 21. Сартаев Анвар Айдарович
№ 22. Абдыразакова Айжан Улановна
№ 23. Токтокожоев Таалайбек Самудинович
№ 24. Акеров Табылды Абдраманович
№ 25. Токтакунов Нурбек Акбарович
№ 26. Сариев Акылбек Аблабекович
№ 27. Жуков Виталий Юрьевич.

№ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча:
№1. Майрамбек уулу Калыс
№2. Маматкулов Нурланбек Жолошович
№3. Султанбеков Муратбек Кенешбекович
№4. Аспек уулу Азамат
№5. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
№6. Алмамбетова Гуля Идиновна
№7. Курманов Ильяс Зайнидинович
№8. Босивская Кристина Валерьевна
№9. Джоомартова Рыскан Абдиевна
№10. Бакиров Бакыт Жеентайович
№11. Строкова Евгения Григорьевна
№12. Атазов Шайлообек Карыбекович
№13. Болотбеков Бакытбек Болотбекович
№14. Абышев Медер Болотович
№15. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович
№16. Алканова Элнура Сайдиракмановна
№17. Саадабаев Бакытбек Муратбекович
№18. Исираилова Анара Усонбековна
№19. Джумагазиева Нуржан Курманбековна
№20. Токмулин Рафаель Мубаракович
№21. Алмаз уулу Аскар
№22. Карамушкина Ирина Юрьевна
№23. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич
№24. Салянова Аида Женишбековна
№25. Жолдошова Назгүл Амантуровна.

Пикир

Оставить комментарий