• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамытканов: Калктын 15 пайызы биометрикалык маалыматын тапшыра элек

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын 15 пайызы биометрикалык маалыматын тапшыра элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр, президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдө маанилүү ролду ойнойт.

"Жарандардын баарын биометрикалык маалыматын тапшырууга чакырып кетем. Эгерде калктын баары биометрикалык каттоодон өтсө, кийинки шайлоодо эч кандай суроолор жаралбайт. Алдыда дагы маанилүү иш-чара турат - бул Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. Ага чейин биз каттоодон өтпөгөн жарандардын санын азайтып, алардын шайлоо укугун камсыз кылып беришибиз керек", - деп билдирди Мамытканов.

Шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы 3 млн 544 миң 403 жаран шайлоо тизмесине киргендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий