• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда рейд жүрүп, мыйзамсыз сакталган 16 ок атуучу курал алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-январынан 19-январына чейин Жалал-Абад облусунун аймагында "Арсенал" аталышындагы атайын профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле ок атуучу курал менен байланышкан ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 532 аңчылыкты сүйүүчүлөрдүн ок атуучу куралдары, алардын сактоо эрежелери жана иш-кагаздарынын мөөнөттөрү текшерилип, сактоо эрежелерин бузган 14 учур аныкталып, Бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлүп, 42 миң сом айып салынган.

Ошондой эле ыкчам иликтөө иш-чараларынын жана эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында мыйзамсыз сакталган 14 сайсыз жана 2 даана сайлуу ок атуучу курал алынган.

Пикир

Оставить комментарий