• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Интернет аркылуу баңгизат саткан Кыргызстандын жана Россиянын жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Ички киштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенген Telegram социалдык тармагындагы KG_Svetofor интернет-дүкөнү жок кылынды.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Telegram каналында KG_Svetofor интернет-дүкөнүн түзүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен белгисиз адамдарга карата маалымат текшерилген.

Бул маалымат КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча БМЖКККнын Тергөө кызматында катталган.

Бул интернет-дүкөндү түзгөн Кыргызстандын И.Н. аттуу жана Россиянын Л.И. аттуу жарандары кечээ, 28-апрелде кармалганды.

Жеке тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизатын тапшырган.

Мындан тышкары, алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар тапшырышып, Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармалар (закладки) көрсөтүп беришкен.

И.Н. жана Л.И.нин жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө төмөнкү заттар табылып, алынган:

- "гашиш" баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;

- "гашиш" баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;

- компьютер жана ноутбук;

- 3 даана уюлдук телефондор.;

Банк карталары

Белгилей кетүүчү жагдай, Л.И. KG_Svetofor интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.

Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий