• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тазалык жана көрктөндүрүү эрежелерин кимдер бузду? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды кайрадан аныктады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тазалык тартибин камсыз кылбагандыгы үчүн Л.Толстой көчөсүндөгү дүкөн, “Маб-Ула” (Токомбаев көчөсү №21/2) жана “Макро Констракшн” ( Темирязев көчөсү №100) ишканаларына айып салынды.

Өндүрүштүк жана тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн «Красный строитель» конушунун тургуну, Огонбаев көчөсүнүн тургуну, Осмонкул жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Восток» конок үйүнүн жашоочусу жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле Ломоносов көчөсүнүн тургунуна тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндүгү үчүн айыппул салынган. Айыппул 5 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин каралган.

Ошондой эле жолдун булганышына чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн Огонбаев көчөсүнүн тургунуна 7 миң 500 сом айып салынды.

"Бирок бардык тартип бузуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Андай иштер акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун билдирет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий