• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда мурда соттолгон жаран каракчылыкка шектелип кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда соттолгон жаран каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү болжол менен саат 05:50дө Кызыл-кыя шаарындагы май куюучу жайлардын бирине азиат улутундагы, 25-30 жаштагы адам белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен келип, 44 жаштагы оператор кызматкерди ок атуучу курал менен коркутуп, бирок күтүлбөгөн себептерден улам кылмыш ишин аягына чыгара албай окуя жеринен качып кеткен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реесртинде КР Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Кызыл-Кыя шаардык милициясынын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында карактоого шектелген жаран Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери ыкчам-тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында шектүүнүн жүргөн жерин аныктап барганда, шектүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбестен бычак менен каршылык көрсөткөн”, - деп билдирет облустук милиция.

Учурда 24 жаштагы И.М. аттуу шектелүүчү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал жаран мурда соттолгондугу аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий