• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто 14 жашар Лейла Сусина дайынсыз жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.19 /Кабар/. Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Сусина Лейла Аскарджановнаны издөөдө. Бул тууралуу облустук милиция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-мартында болжол менен саат 07:30дар чамасында Саадаев атындагы көчөдө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен узун, сары, көзү күрөң.

Кийимдери: Спорттук кийимчен болгон (шымы кара, үстүндөгү кийими боз-жашыл) бутунда кара түстөгү ботинка.

Сусина Л.А. кайда экенин билгендер болсо, Токмок шаардык ИИБнин күзөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(321)60-73-63, 0-3138-6-31-02, Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмү: 0709 07 21 56, 0551 102 753.

Пикир

Оставить комментарий