• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 26-март күнү Жайыл РИИБине телефон чалуу болуп аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде Жайыл РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган Н.Л. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1981-жылы туулган Д.П. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий