• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 тонна күйүүчү майды тартып алды

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир катар облустарда мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 миң 543 литр күйүүчү май тартып алынды.

Алсак, Ош облусунда май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган. Ошондой эле, продукцияга коштомо документтердин жана контролдук пломбалар жок болгон. 15 миң 400 литр күйүүчү май тартып алынды.

Чүй облусунда Казакстандан продукция ташыган транспорт каражаттардан түздөн-түз куюп жатканда күйүүчү майды сатуу фактысы аныкталды. 10 миң 143 литр тартып алынды.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүп берилди.

Салык кызматы салык мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу жана товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий