• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров: Азыркы жаштар тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл

Президент 0


Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. “Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "Алтын сертификаттардын" ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында белгиледи.

Мамлекет башчысы билим уясынан ийгиликтүү учуп чыгып, турмуш жолуна аттанган бүтүрүүчүлөрдү Жусуп Баласагындын саптарын келтирип, куттуктады. “Улуу ойчул бабабыздын “Билим бийик түгөнбөс, окуу — улук, адамда – ушул эки артыкчылык” деген накыл кебиндей, мектепте алган билимиңер жашооңордун бекем пайдубалы болуп, өмүр бою артыкчылык берет”, - деди Садыр Жапаров.

Президент, өлкөбүздүн мектептериндеги жалпы билим берүү сапатынын жогорулашынын жыйынтыгы катары, өткөн жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 119,8 болсо, быйыл 121,9 баллга чейин жогорулаганына токтолду. Бул акыркы он жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу экинчи жакшы көрсөткүч болуп калды.

“Быйыл өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө жалпысынан 50 миңге жакын бүтүрүүчү катышты. Ошолордун арасынан силер мыкты даярдыгыңарды далилдеп, алдыга суурулуп чыгып, «Алтын сертификатка» ээ болуп олтурасыңар. Бул силерди окуткан эжей-агайларыңардын жана, албетте, ата-энелериңердин эмгегинин үзүрү деп эсептейм. Мугалимдин ар сабактагы эмгеги жана ата-эненин ар күнкү көңүл буруусу балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, ой жүгүртүү маданиятын тарбиялап, эң башкысы жеңишке болгон эрктүүлүгүн калыптандырат”, - деп Садыр Жапаров баса белгилеп, мектеп мугалимдери менен ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өнүгүп жатканын, ошондой эле жогорку квалификациялуу жаш адистерге суроо-талап өсүп жатканын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу республикада билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, активдүү илимий чөйрөнү жандандырууга, ошондой эле жаштардын потенциалын алга жылдырууга чоң көңүл бурулууда, анткени бардык багыттар боюнча коомдун турмушун жакшыртуу ушул үч компоненттен көз каранды.

“Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан республиканын бардык аймактарында балдар үчүн камкордук көрүлүп, бардык шарттары бар жаңы мектептер курулуп жатат. Балдарыбыз ушундай заманбап мектептерде билим алышы – биздин башкы максатыбыз жана тилегибиз. Бирок ошол үй-бүлөдө, бала бакчада, мектептерде кандай тарбия, кандай билим берилип жатканы – башкы маселе, ойлондуруучу жагдай. Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл. Буга эң алды менен ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер өтө чоң маани бериши кажет. Балдарыбыздын тез өнүгүп жаткан дүйнө агымынын терс жактарына кошулуусуна тоскоол болуп, жакшы жактарына аралашуусу түздөн-түз сиздерден көз каранды”, - деди Садыр Жапаров.

Президент жаңы билим алууга болгон чоң умтулуу аркасы менен бүгүнкү салтанаттын катышуучулары алтын сертификаттарды алганын жана бул умтулуу мындан ары да күч алышы керектигин белгиледи.

"Силердин алдыңарда азыркыга караганда көбүрөөк жоопкерчилик жана сыноолор турат. Силер каалаган университетке кирип, тандаган кесиптин адиси болуу үчүн талыкпай эмгектенишиңер керек. Ошондо гана силердин асыл максатыңар — Мекенге пайдалуу кызмат кылуу үчүн татыктуу адис болуу кыялыңар ишке ашат", - деп Садыр Жапаров өлкөнүн мыкты абитуриенттерине кайрылды.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы ар бир өспүрүм өз өлкөсүнүн жана ата-бабаларынын тарыхын жакшы билүүгө, андан туура сабак алууга жана аны менен сыймыктанууга милдеттүү экендигин баса белгиледи. Өз элинин тарыхын, эне тилин, каада-салтын, баалуулуктарын жана руханий байлыктарын билген жана мунун баарын баалай алган билимдүү жаш муун гана алдыга ишенимдүү максат коюп, ага жете алат.

“Кыргызстандын жаркын келечеги, бактылуу элибиз, ата-бабаларыбыздын мурасын муундан муунга сактап калуу ар бириңиздердин жоопкерчилигиңерден, аракетиңерден жана эмгегиңерден көз каранды экенин унутпаңыздар! Мына силердин колуңарда алтын сертификат турат. Бул сертификат силерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Силер үчүн Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларынын эшиги ачык, бюджеттик негизде каалаган окуу жайыңардан окуй аласыңар. Араңарда чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшыра турган балдар-кыздар да бар. Бул дагы жакшы көрүнүш. Эң башкысы, келечекте чет жерден алган билимиңер менен өз Мекениңерге келип, өлкөңөрдүн өнүгүшүнө салым кошуу канчалык маанилүү, канчалык сыймыктуу экенин унутпагыла”, - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Салтанаттын соңунда президент абитуриенттерге жаркын келечек жана алдыга койгон максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий