• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Тартип, биримдик, ынтымак менен коронавирусту жеңип чыгабыз

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Тартип, биримдик, ынтымак менен коронавирусту жеңип чыгабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы өлкөдө кырдаал курч бойдон экенин баса белгиледи.

«Аны жашырган жокпуз жана жашыра албайбыз. Ондогон мекендештерибиз каза болду. Алардын арасында мен жакшы тааныган белгилүү инсандар да өтүп кетти. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков, белгилүү диний аалым Чубак Ажы Жалилов, окумуштуу Жангороз Каниметов жана башка ондогон атуулдарыбыз бар. Маркумдардын жакындарына көңүл айтам, сабыр тилейм. Бул оорудан көз жумган биздин ар бир мекендешибизге бейишин тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент коронавирустун жайылуусун алдын алуу чаралары боюнча айтып берди.

«Коронавирус тууралуу маалымат өткөн жылдын декабрында тарады. Январдан тарта жеке көзөмөлүмө алгам. Алгачкы күндөн тарта Өкмөт менен биргеликте аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө пункттарда илдетти киргизбөө иш-чараларын көрө баштаганбыз. Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешининин ушул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп, ошол жерде тапшырмаларды бергенбиз. Андан кийин дагы бул маселеге Коопсуздук кеңешинде көп кайрылдык», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Мартта карантин киргизгенге мажбур болгонбуз, — деп улантты Президент. — Анын максаты — вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле. Эң негизгиси — калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү эле. Эки ай ошондой тартипте жашадык. Бул өтө кыйын чечим болду. Экономикага катуу сокку болорун билгем».

Мамлекет башчысы дагы бир ирет баса белгилегендей, карантин киргизүүнүн башкы максаты — элде илдет жайылбаш үчүн санитардык нормаларды сактоого көндүрүү болчу.

«Ар кандай жолдор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Таразанын бир тарабында экономика, экинчи жагында улуттун саламаттыгы турду. Албетте, карантин менен узакка жашоо мүмкүн эмес. Карантин алынган соң, тартип сакталган жок. Буга кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да „коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат“ деген ойлорду айтып, ага ишенгендер да болду. Ошондой нерселерден жетишкен ийгиликти кармай албай калдык», — деп белгиледи Президент.

Ошондой эле ал жакында медицина тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууга токтолду.

«Профессор Оморов башка өлкөлөрдүн мисалдарын айтты, илдеттин жайылышынын негизги себеби — негизги 5 принциптин сакталбагандыгында деп. Бул эрежелерди биз карантин учурунда 2 ай бою кармагыла, сактагыла дедик. Тартип, биримдик, ынтымак менен чыгабыз. Айрыкча биздин медиктер айткан принциптерди кармагыла деп жаттык. Бул кандай эреже? Колду жуу, маска тагын, социалдык дистанцияны карма, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорурак болсоң больницага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен контактка барба. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий