• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Арча-Бешик конушунда суу боюнча абал турукташууда

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев Арча-Бешик конушунун калкы менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга ошондой эле "Бишкексууканалдын" "Тазалыктын", "Бишкексуучарбанын", Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тургундардын өздөрү тарабынан баш аламан тартылган түтүктөрдү иретке келтирүү маселелерин талкуулашты.

"Айылчиев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатырга чейин кошумча түтүк тартылды. Орто-Алыш суу алгычын түшүрүү үчүн Адышев көчөсүнө түтүк тартылып, Башкара-Суу суу алгычына кошулат. Бүгүнкү күндө Орто-Алыш суу алгычындагы суу сактагычтардагы суунун көлөмү көбөйдү. Эгерде бир ай мурда суу саатына 8500 куб метр өндүрүлгөн болсо, бүгүнкү күндө саатына 9100 куб метр өндүрүлүүдө. Эсептөөлөргө ылайык, суунун агып келишинин деңгээли саатына 9500 куб метрге жетсе, суу маселеси толук чечилет", - деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилей кетсек, көйгөйлүү аймактарда нөөмөт менен кошумча транспорт тартылып, зарыл болгон учурда суу ташуучу унаа сууну ыкчам жеткирет.

Пикир

Оставить комментарий