• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — укук колдонуу практикасын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары — МЖӨ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

— Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзам күчүн жоготот;

— даярдоо же болбосо тендер өткөрүү баскычында турган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жаңы мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик өнөктүн тандоосу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий