• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Жусап Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш.Д. окуудан чыгарам деп коркутуп, жогоруда аталган окуу жайдын 1-курсунун студентинен акча талап кылган.

Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн А.Ш.Д. 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган.

А.Ш.Д. атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий