• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арча-Бешик конушу жарыктандырылууда

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө

Мнуиципалитеттен билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери Арча-Бешик конушунда жарыктандыруу иштерин баштады. Учурда иштер аталган конуштун Ак-Туз көчөсүнүн Кара-Кужур көчөсүнөн Кызыл-Адыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Абдрахманов көчөсүнүн Бакаев көчөсүнөн Иманкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүүдө.

Ишкананын кызматкерлери 42 светодиоддук чырак, 42 даана кронштейн орнотту. Ошондой эле болжол менен 1100 метр изоляцияланган зым (СИП) жана 400 метр кабель тартылды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий