• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Астананын акими менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

«Биз бир тууган элдерденбиз. Менимче, биз үчүн кандайдыр бир маселелерди чечүүдө эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Бишкек шаарынын мэриясы Астана шаары менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр», - деди мэр.

Белгилей кетсек, жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев да катышты.


Маалымдама: Учурда Бишкек шаары 2 шаар менен - 1997-жылдан тарта Алматы, 2011-жылдан тарта Астана менен боордоштук мамиледе.

Пикир

Оставить комментарий