• 88.68
  • 95
  • 0.95

Индиянын Соода-өнөр жай палатасынын теңтөрагасы баштаган делегация Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Индиянын Соода-өнөр жай палатасынын теңтөрагасы баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Индиядагы элчилиги менен биргеликте Индиянын Соода-өнөр жай палатасынын теңтөрагасы Сантош Кумар жетектеген индиялык делегациянын иш сапарын уюштурду.

Бул сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Бишкектеги «Рамада» мейманканасында жолугушуу болуп өттү, ага индиялык делегациянын курамында фармацевтика, медициналык туризм, медициналык мекемелер (клиникалар, ЖОЖдор), текстиль, чай, кофе, туризм жана бизнестин башка тармактарынын 24 өкүлү катышты.

Кыргыз тараптан Кыргызстандын өнөр жайынын кеңири спектрин көрсөткөн ишкерлер: саламаттык сактоо, билим берүү, жеңил өнөр жай, Фармацевтика өндүрүүчүлөр ассоциациясы, ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси А.Исаев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекемелерине Индиядан келген медицина тармагынын өкүлдөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Индиянын ооруканалары кыргыз жарандарын Индияда дарылоону оптималдаштыруу үчүн Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар болуп жаткандыгы өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде, индиялык делегациянын башчысы С.Кумар кызматташтыкты түзүүнүн негизги пункттарына токтолуп, Кыргызстандын ишкерлерин индиялык компаниялар сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Индиянын бизнес өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тартууланды, атап айтканда, медицина тармагына инвестиция тартуу маселелери, фармацевтика өндүрүүчү заводдорду куруу жана Кыргызстанда индиялык клиникаларды ачуу талкууланды.

Иш-чаранын алкагында В2В форматында жолугушуу уюштурулуп, анда тараптар орун алган сунуштарды жана маселелерди олуттуу талкуулай алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын биргелешип өнүктүрүүнү макулдашты жана бир катар компаниялар кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Индиялык делегациянын иш сапары экономикалык дипломатияны илгерилетүү, ошондой эле КР президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 9-февралындагы “Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий