• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Какчекеев: Чек арадагы чечилбеген маселелер карапайым элди кыйноодо

Коом 0

Бишкек, 17.05.21 /Кабар/. Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев чек арадагы чечилбеген көйгөйлөрдөн карапайым эл гана жабыркап жаткандыгына көңүл бурду.

“1989-жылы мен Ворухта болдум жана ошондо эле кырдаал курч эле. Ошондон бери көйгөй чечилбей келет. Чек ара меселелери татаал, ооба аларды чечүү оңой эмес, бирок чечилбей жаткан маселелер карапайым элди кыйнап жатат. Суулардын бөлүнүшү боюнча карталар бар. Илимий далилдерге таянып, маселелерди чечүү зарыл”, - деди саясат таануучу.

Какчекеев баса белгилегендей, согуш адамдардын өмүрүн алууда, балдарды өлтүрүп, бардыгын кыйратууда. Ошондуктан ал, кандай гана маселе болбосун жогорку деңгээлде сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек деп эсептейт.

“Мен чек ара маселелери түздөн-түз экономикалык жана социалдык жашоого таасирин тийгизет деп эсептейм. Чек ара көйгөйлөрү миграцияга себеп болушу мүмкүн: адамдар коопсуздукта жана ыңгайлуулукта жашоону каалашат. Ошондуктан бардык маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий