• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда 3 алтын медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Казакстанда өткөн кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия кубогунда 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 14-16-май күндөрү Алматы шаарында өттү.

Кадеттер арасында Адина Кочконбаева (57 кг) жана Эржан Канатбеков (73 кг), ошондой эле өспүрүмдөр арасында Ажар Исаева (63 кг) Азия кубогунун жеңүүчүлөрү болушту.

Белгилей кетсек, Азия кубогунда Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген 250гө жакын спортчу күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий