• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмты иблдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралган.

2022-жылдын 14-март күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР ӨКМнин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби, саат 15:30дан саат 17:25ке чейин 246-чакырымында (Көчкүлүү-Булак тилкеси) 22 даана снаряд атышып, натыйжада жалпы 70 000м3 кар көчкү түшүп жолго жеткен эмес.

Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 15-март күнү улантылат.

Эскерте кетсек, 12-14-март күндөрү жалпы 49 даана снаряд атылып, 340 250 м3 кар көчкү түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий