• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тилек Токтогазиевге айыл чарба министринин орун басары кызматы сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Тилек Токтогазиевге айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматы сунушталууда. Бул тууралуу жаш ишкер социалдык баракчасында жазган.

Эскерте кетсек, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткенден кийин жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин сунуштап, министрликти реформалоонун жолун биле турганын билдирип чыккан.

Жогоку Кеңештеги "Бир бол" фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык баракчасында Токтогазиевди колдой турганын билдирип, "Бир бол" фракциясы анын талапкерлигин сунуштай турганын айткан.

Бирок, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, министрлик кызматка айыл чарба министринин орун басары болуп келген Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштаган. Кечээ, ал сунушту тармактык комитет колдоп берсе, бүгүн Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырды.

Ошол эле учурда, жаш ишкер BBC'нин Кыргыз кызматына берген маегинде министрлик кызматтан башка орун басарлык кызматка макул болбой тургандыгын билдирген. Анын айтымында, министрдин орун басарынын реформа жасай турган эч кандай ыйгарым укугу деле жок.

"Мен ага макул эмесмин. Мен баардык жоопкерчиликти колго алып, бул тармакка толук реформа баштайм. Эң чоң өтүнүчүм - президенттен дагы, өкмөт башчыдан дагы толук мүмкүнчүлүк жана толук ишеним сурайм. Башка заман болсо, балким, мен ошол сунушту кабыл алмакмын. Мен изилдеп көрдүм. Министрдин орун басарынын реформа жасай турган эч кандай ыйгарым укугу деле жок. Ошондуктан мен ал жерге жөн эле баргым келбейт. Себеби, мен андай сунушка мкул болуп барып, жаманатты болгум келбейт. Эптеп эле кызматка жетип алып, "мына, реформа кылам, кыйратам деген Тилегиңерди көргүлө" дегенин каалабайм. Биздин ишкерлер арасында сөз, убадага туруу деген бар. Саясатчыларда мындай деген жок экен", - деген ал.

Анткен менен социалдык тармактарда Тилек Токтогазиевдин орун басарлык кызматта иштөөсүн колдогондор болууда.

Пикир

Оставить комментарий