• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда президент кеткенден кийин жаңы үйгө киргизилген тургундар кайра чыгарылганы кабарланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Анжиян шаарынын бийлиги президент Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында сегиз үй-бүлөнү жаңы курулган үйгө киргизип, мамлекет башчы кеткенден кийин алардын жетөөсүн кайра чыгарып салган, – деп жазат centralasian.org.

Алардын арасында 35 жаштагы Хуршида Тиллаева дагы бар. Анын айтымында, президенттин Анжиянга сапарына бир күн калганда мэриянын алдындагы Аялдар комитетинен келишип, ал жаңы үйгө көчүп бара турганын айтышкан.

«Мен тигүү цехинде иштейм, үй алууга ошол жерден арыз бергем. Президенттин сапарына бир күн калганда Аялдар комитетинен келишип, мага үй берилгенин айтышты. «Өзбекстан 24» телеканалынын кабарчыларына «Атам өлүп калган, эми анын ордуна президент ата катары үй берип жатат» деп айткам. Андан кийин тааныштардын баары мени куттуктап башташкан. Бирок президент кеткенден кийин ал үйдүн ээси бар деп, мага кийин башка үй бериле турганын айтышты», — деди Хуршида.

Ал аны менен бирге дагы сегиз аял үй алып, кийин алардын алтоосу президент кетери менен кайра чыгарылганын кошумчалады.

30 жаштагы шаар тургуну Мияссар Рахимова бул маалыматты ырастап, алардын арасында өзү да болгонун билдирди. «Үй берилет дегенде аябай сүйүнүп ыйладым. Президенттин алдында үйдүн көрүнүшүн бузбай буюмдарыңды эртең жеткир деп айтышкан. Андан соң өз эсебимен 300 000 сумга (35 доллар) жаңы көйнөк тиктиришти. Бактылуу үй-бүлө катары көрүнүү үчүн балдарды дагы жакшылап кийинтишим керектигин айтышты. Бирок президент кетери менен чыгарып жиберишти. Көрсө алар президентти алдоо үчүн бизди пайдаланышкан экен», — деди Рахимова.

Шавкат Мирзиёев Анжиян шаарына 17-майда барган. Анда Рамазан айында жаңы үйгө ээ болгон бакылуу үй-бүлө катары Хуршида Тилляева тааныштырылып, аны республикалык телеканалдардан көрсөткөн. «Азыр мен эски мааледе апамдын жаман үйүндө жашап жатам. Бизди алдаган жетекчилер уялышы керек», - деди Хуршида.

Бул окуядан кийин ал апасынын эски үйүндө атайын кыска видео-интервью тартып, интернетке жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий