• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын унаасын айдап чыгып, талкалап алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Жайыл районунда унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын унаасын айдап чыгып, талкалап алган.

Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июль күнү Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын 53 жаштагы М.К. аттуу жараны кайрылып, Жайыл районундагы унаа жуучу жайлардын биринин кызматкерине карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Милиция кызматкерлери аныктагандай, 14-июнь күнү арыз жазган жаран – "Хонда Одиссей" унаасынын ээси унаа жуучу жайга келип, анын кызматкерлери менен сүйлөшүп, унаасын химиялык тазалоо үчүн калтырып кеткен. Төлөнө турган акчанын бир бөлүгүн берип кеткен. Эки күндөн кийин унааны алып кетмек.

Бирок эки күндөн кийин келип, унаасы талкаланганын билген.

Белгилүү болгондой, унаа жуучу жайда иштегендердин бири унааны айдап чыгып, жолдо баратып аны башкара албай унааны талкалап алган. Унаа айып токтотуучу жайына токтотулган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Бул ишке шектүү катар Чүй облусунун 28 жаштагы С. Р. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий