• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте каракчылыкка шектелип бир нече жолу соттолгон жарандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бишкекте каракчылыкка шектелип бир нече жолу соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 31 жаштагы Д.М. аттуу жаран кайрылган. Анда 18-январда Бишкектеги кафелердин биринде Максат аттуу тааныш адам белгисиз үч адам менен бирге арыз ээсин тапанча жана бычак менен коркутуп, “Редми-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып алганы жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 34 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу жана башка бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон.

Ошондой эле анын шериги Россиянын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 33 жаштагы Т.М. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий