• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде асыл тукум букаларды коңшу өлкөгө айдап бараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Баткенде асыл тукум букаларды аткезчилик жол менен алып чыгып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы К.С. аттуу тургунун бүгүн, 8-январда түнкү саат 03:00 чамасында "Ганжак" участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малды айдап бараткан жеринен кармаган.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий