• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Эксперттерден сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө эксперт Эсенова сурак берди. Башка эксперттердин жоктугуна байланыштуу отурум 11-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий