• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустан айыккан 1,5 миң медик Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүп келди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Коронавирус менен ооруп чыккан 1 миң 560 медицина кызматкери Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүп келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Коронавирус менен ооруп чыккан медицина кызматкерлери реабилитация үчүн Ысык-Көлгө бир жумага жөнөтүлүп жатат. 1-сентябрга карата 1 миң 560 медицина кызматкери Ысык-Көлдө жети күндөн эс алып келишти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий