• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Аксыда чек арачыларга каршылык көрсөткөн аткезчилер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик чек арадан аткезчилик жол менен мал алып өтүп, чек арачыларга каршылык көрсөткөн Аксы районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Аксы районундагы такталбаган мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы катталды. Ошол учурда чек арачы тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоо аракети көрүлүп, бирок бир топ адамдар чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, мамлекеттик чек арадан мал айдап өтүүнү улантышкан.

Мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында чек ара отряды эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, бирок аткезчилер аларга карата агрессия көрсөтүп, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылышкан.

Ошол эле күнү жогорудагы фактылар боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 231-берененин 1-бөлүгү «Экономикалык контрабанда», 378-берененин 2-бөлүгү «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү», 374-берененин 2-бөлүгү “Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар 5 адам кармалып, Жалал-Абад облусунун УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий