• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде чек арадан бир нече жолу мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Баткенде мамлекеттик кайтарууда турган чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 53 жаштагы Т.Х. аттуу тургуну Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий