• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар В жана С гепатитине акысыз текшерүүдөн өтө алат

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Курагы 18 жаштан өткөн кыргызстандыктар В жана С гепатитине акысыз текшерүүдөн өтө алат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришкендей, текшерүүдөн өтүү үчүн жашаган аймактагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуу шарт.

Текшерүүдөн өткөн соң В жана С гепатитине жыйынтык терс болуп чыкса, курагы 23 жаштан өткөндөргө акысыз эмдөө жасалат.

Ал эми В же С вирустук гепатити аныкталган жарандар акысыз дарылануу үчүн медициналык уюмга катталып, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бериши керек.

В жана С вирустук гепатиттерин акысыз дарылоо, ошондой эле дартты аныктоо, ооруга каршы эмдөө жалпы дарыгерлик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий