• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 28 жаштагы жигит көчөдө токтоп турган унааны айдап качкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкекте 28 жаштагы жигит көчөдө токтоп турган унааны айдап качкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-июлда Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына мыйзамсыз автоунаа айдап кетишти деген чакыруу түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери 1995-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси белгисиз жарандар Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен токтоп турган “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын ачып, белгисиз тарапка айдап кетишкендигин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам кармоо иш-чарасынын алкагында 1993-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий