• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан 3 млн сомдук товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан 168 000 пачка сагыз кармалды. Кармалган товардын орточо базар баасы 3 024 000 сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери Ош облусунун Ноокен районуна караштуу Кок-Жар айылында Ы.Б.А. аттуу жарандын “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп текшерүүгө алышкан. Анын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 140 коробка, ар бир коробкада 5600 блок, жалпы 168 000 пачка “Orbit” маркасындагы сагыз табылган.

Кармаган учурда, айдоочу ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келе жаткан жүк мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий