• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча пикирин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы делимитация жана демаркация маселеси кечээ күнү пайда болгон маселе эмес. Ал 90-жылдардан бери келе жаткан маселе.

“Бул маселе өлкө башчысынын жана өкмөттүн көзөмөлүндө. Эки өлкөнүн делегациясы вице-премьер-министрлер деңгээлинде чек арада жолугушуу өткөрүшкөн. Бүгүн тажикстандык делегация Бишкекке келип, сүйлөшүүлөр өтүп жатат”, - деди ал.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы билдиргендей, чек арага байланыштуу эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр ар дайым, негизги, конкреттүү түрдө жүргүзүлүп келет.

“Тараптар жергиликтүү калктын оюн эске алуу менен жер алмашуу маселесин талкуулап жатышат”, - деп кошумчалады ал.

Айдарбеков 2019-жылы болгон уникалдуу окуяны баса белгилеп кетти. Анда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон чек арадан жолугушуп, кийин жолугушуулар Исфара жана Чолпон-Атада уланган.

Пикир

Оставить комментарий