• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстан менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Москвада Кыргызстан менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов жана Николай Патрушев жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Иманкулов менен Патрушевдин жолугушуусу Москва шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунун алкагында өткөн.

"Марат Иманкулов менен Николай Патрушев КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосунда 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол коюшту", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий