• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсеси ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.11.19. /Кабар/. Санариптик трансформация – инновациялык чечимдердин жардамы менен экономиканын жаңы креативдүү чөйрөсүнө жол ачат. Буга Жогорку технологиялар паркы жана анын резиденттери чоң роль ойнойт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди.

«2019-жыл КР президентинин жарлыгы менен санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бул багытта өкмөт тарабынан көп иштер жасалды. Биз акыркы жылдары аймактарды жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл буруп жатабыз. Бул үчүн, баарынан мурда шарттарды түзүү керек. Биз аянтча бөлүп бердик жана анын жаңы кеңсесин ачылышына катышып жатабыз. Бул өлкөдөгү IT-компаниялардын бир жерде жана чогуу-чараан иштөөсү үчүн маанилүү», - деди Боронов.

Боронов мындай иштин натыйжасы эмитен эле көзгө көрүнө баштаганын белгилеген.

«2019-жылдын 3 кварталында Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин биргелешкен кирешеси бүгүнкү күндө 681 млн сомду түздү. Бул жерде 700дөн ашык киши иштейт. Ресурстардын биригиши – бул жөн гана тренд эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана санариптик өзгөрүү үчүн натыйжалуу инструмент. Биз санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик башкарууну электрондук форматка өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Учурда «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген Жол картанын алкагында жумуштар жасалууда. Биргелешкен иштердин мындан ары да натыйжалуу болушунда Жогорку технологиялар паркындагы адистердин ролу чоң», - деди ал.

Боронов өкмөттүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыкканын айтты.

«Жаңы технологияларды колдонуу менен жасалган мазмунду башкаруунун уникалдуу системасы бул сайттын коопсуздугуна жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Жогорку технологиялар паркынын жаңы аянтчасы инновациялык старт-аптардын жана долбоорлорду өзүнө тарткан борбор болооруна ишеним артам. Өз кезегинде өкмөт креативдүү жана талантуу адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен колдоосун уланта бермекчи», - деди ал.

Маалымат үчүн: КР өкмөтү тарабынан кабыл алынган салыктык жеңилдетүүлөр номарларынын алкагында Жогорку технологиялар паркынын резиденттери түзүлгөндон бери салыктан жана камсыздандыруу төгүмүнөн 15 жылга бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий